Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 46
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал- жандыктарды киргизбөө жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал- жандыктарды киргизбөө жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара мал ,жылкыга 2000 сом, койго 500 сом айып пул салынсын. Киргизилген мал-жандыктар ээсине кайтарылсын.
2.Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.
3.Сырттан малды киргизбөө боюнча иш аракеттерге айыл аймагынын участковой милициясы тартылсын.
4.Айыл аймагына сырттан мал киргизилген учурда Жайыт комитетинин төрагасы жоопко тартылаары эскертилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |