Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 48
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, үлүш албай калган айыл тургундарына айыл өкмөтүндөгү КБФнун жеринен ижарага берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, үлүш албай калган айыл тургундарына айыл өкмөтүндөгү КБФнун жеринен ижарага берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, 1994-жылы үлүш албай калган үй-бүлөөлөргө чөп орок, айдоо жерлери 2 гектардан аукционго коюлбастан ижарага берилсин.
2.Ор-Казган айылындагы ФАПка 5 га чөп орок ижарга берилсин.
3.Кыргызстан айылынын тургуну Орозматов Токторалига 5 га чөп орок ижарага берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |