Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 49
Ийри-Суу Жайыт комитетинине караштуу Фронталдык погрузчиктин иштөө убактысынын баасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинине караштуу Фронталдык погрузчиктин иштөө убактысынын баасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Ийри-Суу Жайыт комитетинине караштуу Фронталдык погрузчиктин моточасы 3500 ( үч мин беш жүз ) сомго бекитилсин.
2.Фронталдык погрузчиктин баруу келүү жагы кардалдардын эсебинен каржылансын.
3.Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |