Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 50
Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан, Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн жерлерди трансформациялоого киргизүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан, Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн жерлерди трансформациялоого киргизүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан 3,0 гектар жер тилкеси жеке менчик үй куруу үчүн трансформациялоого киргизилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн 2,0 га жер тилкеси жеке менчик үй куруу үчүн трансформациялоого киргизилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |