Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 51
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Жийде айылынын тургуну Кармышаков Чынгызга Жийде айылындагы Калмурза уулу Мырзаким көчөсүндөгү Кожомбердиев Дүйшөнүн ээлеген жер тилкесинен жогору Примбердиев Таалайбектин пайдаланып жүргөн жер тилкесине чейин пайдаланылбай жаткан жерден 0,35 га жер тилкесине бак-дарак эгүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өздөштрүүгө убактылуу пайдаланууга токтом чыгарылып берилсин.
2.Кыргызстан айылынын тургуну Орозматов Токторалиге элдин малы үчүн купка курууга 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүүгө токтом чыгарылсын.
3.Корс-Этти айылынын тургуну Сартбаев Орозалинин жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
4.Кыргызстан айылынын тургуну Сатиева Умсунга пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинендеги жер тилкесине жеке менчик турак жай курууга токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
5.Кыргызстан айылынын тургуну Сайдилла уулу Дамирге пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинендеги жер тилкесине жеке менчик турак жай курууга токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
6.Кыргызстан айылынын тургуну Шайымкулова Айгүлгө айыл өкмөтү жеке менчик үй курууга трансформация болгон жерден жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
7.Кыргызстан айылынын тургуну Кыязова Жаннаттын жашап жаткан турак жайына токтом чыгарылып айылдын башкы планына киргизилсин.
8.Кыргызстан айылындагы Кайноолу участкасында малдын жолун жайыттын жеринде чечүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
9.Корс-Этти айылынын тургуну Ажибекова Барчынайдын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
10.Кара-Колот айылынын тургундарынын жер көчкүдө калган жер үлүштөрүнүн ордуна КБФнун жеринен үлүш жерлеринин өлчөмүнө ( сотых, га) ылайык ижарага бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
11.Ак-Терек айылынын тургунун Сазиев Дүйшөнкулдун жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
12.Кыргызстан айылынын тургуну Дыйканов Алимжандын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана кашаасынын ичинен 0,80 га жер аянтын айылдын башкы планына киргизилсин.
13.Жийде айылынын тургуну Аракеев Талантбектин жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
14.Жийде айылынын тургуну Беркмаматова Райкандын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
16.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |