Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз Х- сессиясынын
2022-жылдын 10-майы № 53
Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан айылдарга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан айылдарга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Корс-Этти айылынын жолун ачууга жана иретке келтирүүгө 200 000 (эки жүз мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Айылдын ички жолдорун тазалоого 60 000( алтымыш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Жийде айылындагы Р. Айтбаев көчөсүнүн жолун тазалоого жана иретке келтиүүгө 40 000 ( кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Жогорудагы айылдырга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |