Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз Х- сессиясынын
2022-жылдын 10-майы № 54
Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга жер аянтын бекитип берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга жер аянтын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга ар бир атуулга 0,08га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду аткаруужагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |