Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз Х- сессиясынын
2022-жылдын 10-майы № 55
Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н Жапаровдун “Кыргыз Республикасында Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө ” 2022-жылдын февраль айында чыгарылган Жарлыгын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорудагы Жарлыгы колдоого алынсын.
2.Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу аксакалдар кенеши, айыл башчы, көчө комитеттери аркылуу аныкталсын.
3.Биздин шарттка жараша сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына бир жашар торпок союуга уруксат берилет.
4.Өзү жашаган айылга келип ата-энесине, бир туугандарына куран окутууга бир койдон ашык жандык союууга тыюу салынат.
5.Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө тыюу салынат.
6.Сөөк коюудан кийин үчүлүк, бейшемблик, кырктык, айттык белгилөөгө тыюу салынат.
7.Үйлөнүү тою өз ыктыярлары менен эки тараптын эсебинен 200 адамга чейин “ Салтанаттуу той ” формасында өткөрүлөт.
8.Той берүүдө бир бодо мал союлуп,чакырылган коноктор гана келип кетишет.
9.Кыз тарапка той алып барганда 12 адам,күйөө жолдоштор 10дон ашпоосу зарыл.
10.Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени мамлекеттик каттоодон өтүү салтанатына 3 төн ашык машина пайдаланууга тыюу салынат.
11.Туулган күндү белгилөө ошол адамдын үйүндө гана өткөрүлөт.
12.Сүннөт той кой союлуп 200 дөн ашпаган кишинин катышуусунда гана өткөрүлөт.
13.Умра сапарынан келгендерге той өткөрүүгө тыюу салынат.
14.Чон ажыдан келгендер чон тойго айландырбай, чакырылгандар менен гана өткөрүлсүн.
15. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |