Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 50/6-28
Кыргыз Республиксынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндөгү” №54 жарлыгын аткаруу үчүн Сын-Таш айыл аймагы боюнча жобо бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндөгү” № 54 жарлыгын аткаруу үчүн, Сын-Таш айыл аймагында ысырапкорчулукту жоюу максатында Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Сын-Таш айыл аймагы боюнча типтүү жобо бекитилсин.
2.Кыргыз Республиксынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөөгө тиешелүү комиссия түзүлсүн.
3.Сын-Таш айыл аймагы боюнча үй-бүлөөлүк салтанаттарды (үлпөт той, тушоо кесүү, бешик той, баланы сүннөткө отургузуу, юбилей ж.б.) өткөзүүдө 1 (бир) баш бодо малга чейин союууга уруксат берилсин.
4.1. Сын-Таш айыл аймагы боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу, куран окутуу, кырк-ашы, бир жылдык ашын өткөзүүгө 2 (эки) баш койго чейин же 1 (бир) баш бодо малга чейин союууга уруксат берилсин.
4.2. Дасторкон жаюууда ысырапкорчулука жол берилбесин.
4.3 Аялдарга жыртыш таратуу, эркектерге бет аарчы таратуу жана боорсок, таттуулар салынган пакет таратууга тыюу салынсын.
4.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |