Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 51/6-28
Гидрометеорологиялык пост курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Гидрометеорология боюнча агенттигинин катын карап чыгып, гидрометеорологиялык посттун ишин жандандыруу максатында, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.“Ысык-Ата дарыясы – Туюк дарыясынын куймасы” гидрологиялык постун куруу үчүн № 719-контурундагы 0,125 га жана № 721-контурундагы 0,125 га жерди Гидрометеорология боюнча агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |