Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 52/6-28
Туюк-Жар коктусундагы № 719-контурда жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сын-Таш айылынын тургуну Т.Чимурбаевдин Туюк-Жар коктусундагы № 719-контурда жайгашкан жер тилкесин туризм жана эс алууга жеңил конструкция куруу максатында 1 (бир) гектар 20 (жыйырма) соток жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү жеке арызын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Туюк-Жар коктусундагы № 719-контурда жайгашкан 1 (бир) гектар 20 (жыйырма) соток жер тилкеси Т.Чимурбаевке туризм жана эс алууга жеңил конструкция курууга ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин менен тиешелүү келишим түзүлсүн.
3.Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.
4.Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү калк үчүн эс алууга жеңилдетүүлөр каралсын.
5.Сын-Таш айыл аймагында жайгашкан бала бакчага, жылына 30 (отуз) миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлсүн.
6.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |