Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 53/6-28
Туюк-Кайрак коктусундагы № 679-контурда жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
А.Апсатаровдун Туюк-Кайрак коктусундагы № 679-контурда жайгашкан жер тилкесин шагыл таштарын жайып, кайра иштетүү максатында 0,63 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү жеке арызын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Туюк-Кайрак коктусундагы № 679-контурда жайгашкан 0,63 га жер тилкеси А.Апсатаровко шагыл таштарын жайып, кайра иштетүүгө ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин менен тиешелүү келишим түзүлсүн.
3.Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.
4.Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү калк үчүн сырье сатууда 50 % жеңилдетүүлөр каралсын, Сын-таш айыл өкмөтүнүн башчысынын жолдомосу менен.
5.Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетине жылына 50 (миң) сом төгүлсүн.
6.Жүк ташууда жолдорго зыян кетирбөө үчүн жолдун категориясына жараша эрежелер сакталсын .
7.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |