Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 54/6-28
Жер үлүштөрүнө кирген мал ээлерине салынуучу айыпты бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын, жер үлүштөрүнө малдар кирип, түшүмдүүлүктү төмөндөтүп жаткандыгына байланыштуу кайрылууларынын негизинде, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
Жер үлүштөрүнө кирген мал ээлерине, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” Кодекстин тиешелүү беренелерине ылайык, кой эчкилерге 1000 (миң) сом, бодо мал башына 2000 (эки) миң сом айып киргизилсин.
1. Келтирилген чыгымдарды аныктоо үчүн тиешелүү комиссия түзүлсүн.
2. Комиссиянын курамына Сын-Таш айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы, Сын-Таш айыл Кеңешинин депутаттары кириши тийиш.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |