Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 55/6-28
Сын-Таш айыл аймагындагы малдарды, жай айларында мал жаюу үчүн Суусамыр улуу тоолоруна малдарын көчүрбөгөн малчыларга айып бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жай айларында мал жаюу үчүн Суусамыр Улуу тоолоруна көчүрүү зарылчылыгы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, жайытты келечеке (көп узакка) сактап калуу максатында, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Суусамыр улуу тоолоруна малдарын көчүрбөгөн малчыларга, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” Кодекстин тиешелүү беренелерине ылайык, 30 000 (отуз) миң сом өлчөмүндө айып бекитилсин.
2. Малчылардын жайыт процессин көзөмөлдөө үчүн тиешелүү комиссия түзүлсүн.
3. Комиссиянын курамына Сын-Таш айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы, Сын-Таш айыл Кеңешинин депутаттары, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы кириши тийиш.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |