Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 56/6-28
Өтөгөн айылындагы № 190 - контурда жайгашкан 0,1 га жайыт жерине мини-футбол аянтчасын курууга уруксат берүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагындагы Өтөгөн айылынын жашоочуларынын, мини-футбол аянтчасын куруу зарылчылыгы жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагындагы Өтөгөн айылында жайгашкан № 190- контурдагы - 0,1 га жайыт жерине мини-футбол аянтчасын курууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдын тиешелүү беренелери сакталсын.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ызманалиев А. жүктөлөт.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |