Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 57/6-28
Жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылындагы Шакиров көчөсүнүн № 42 жайгашкан, Камчыбык Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектебин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 беренесине ылайык , Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Сын-Таш айыл аймагындагы Камчыбык Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 17 930 (он жети миң тогуз жүз отуз ) чарчы метр жерди бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жогорудагы жер участогун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө кайрылуу жасалсын.
3.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |