Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 58/6-28
Жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Өтөгөн айылындагы Бириккен көчөсүнүн № 2 жайгашкан, Джапаркул Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 беренесине ылайык , Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Сын-Таш айыл аймагындагы Джапаркул Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 17 295 (он жети миң эки жүз токсон беш) чарчы метр жерди бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жогорудагы жер участогун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө кайрылуу жасалсын.
3.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |