Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 59/6-28
Жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Тельман айылындагы Школьная көчөсүнүн № 24 жайгашкан, Карыпбай Курманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2-корпусун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 18 беренесине ылайык , Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1.Сын-Таш айыл аймагындагы Карыпбай Курманов атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 6397 (алы миң үч жүз токсон жети) чарчы метр жерди бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жогорудагы жер участогун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө кайрылуу жасалсын.
3.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |