Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-январы № 1
«Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2022 - жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2023 -2024 жылдарга божомолу жонүндо»
Шадыкан айылдык аймактык кеңешинин 28 чакырылышынын 1 сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2022– жылга бюджетинин долбоорун угуп , талкуулап чыгып
токтом кылат:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2022 - жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 9110,0 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн: ( мин сом)
· Тендоочу грант - 4383,0 мин сом.
Жалпы кирешелер
Салык толомдору 2896,4 миң сом.
· Иш беруу-р тараб. Айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы – 1645,1 миң сом.
· Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 260,3 миң сом.
· Короо-жай жер салыгы –132,1 миң сом.
· Айыл чарба жер салыгы – 685,2 миң сом.
· Айыл чарба эмес жерлеринен тушкон салык - 25,5 миң сом.
· Патенттик негизде кирешеден алынуучу салык – 131,3 миң сом.
· Милдеттүү патеттин негизинде салык - 2,1 миң сом.
· Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык -3,4 миң сом.
· Ишкердик ишин жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 11,4 миң сом.
Салык эмес киреше булактары - 1718,1
КБФ жерлеринин ижара акысы - 778,1 мин сом.
Жайыт ижарасы үчүн акы - 108,0 мин сом
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы - 48,0 мин сом
Атайын каражат - 784,0 мин сом
Чыгышалар бөлүгү 8213,5 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин.
1.Башкаруу аппаратына – 3065,9 миң сом.
2.Билим беруу болумуно – 560,0 миң сом.
3.Социалдык коргоо болумуно – 332,1 миң сом.
4.ЖКХ болумуно – 1696,1 миң сом.
5.Маданият болумуно – 554,6 миң сом.
6. Коргонуу бөлүмүнө - 150,0 миң сом.
7. Бала бакчага - 1746,8 миң сом.
8.Экономикалык маселелер бөлүмүнө – 108,0 миң сом.
2. Жергиликтүү бюджетте белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы ,соц фонд, коммуналдык чыгым)
3. Жыл ичинде жергиликтуу киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү киргизүү жагы айылдык Кенештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан , кварталга статьядан , статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
6. 2021 - жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2022 – жылга 2,0 мин сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп , жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жыл этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2022 - жылга күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез – арада куткаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу үчүн 150,0 мин сом өлчөмүндө “кол тийгис” акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
8. Ошондой эле Кыргыз ресбубликасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик уктарынын негизги принциптери жөнундо” мыйзамынын 21 статьясыныннегизинде 2022 - жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1% не чейинки өлчөмүндө , айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык – экономикалык маданий чыгымдарына 82,1 мин сом резервдик фонд түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2022 – жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө , казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл окмотунун финансы – экономикалык бөлүмүнө ( башчысы Г.Жээнбаевага) тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо , өткөн жылдардан калган суммаларды толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун ,ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 328 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
12. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013 - жылынын №302 токтомунун 1 – пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министирлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акы.соц фонд жана электроэнергиясынын чыгымдарына) каралуусу белгиленсин.
15 .Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
16. 2023 - жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 9068,4миң сом анын ичинен тендөөчү грант 4383,0 миң сом, атайын каражат 784,0 миң сом. 2024- жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 9119,4 миң сом анын ичинен тендөөчү грант 4383,0 миң сом,атайын каражат 784,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Шадыкан айылдык кенешинин торагасы: | А.Назаралиев |