Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-январы № 4
«Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 – жылдагы атайын каражат бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнундө»
Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 - жылдагы атайын каражат бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап депутаттардын Шадыкан айылдык аймактын кенешинин 28 - чакырылышынын 1 сессиясы
Токтом кылат:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2021 - жылдагы атайын каражат бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 91541 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2021 - жылдагы атайын каражат бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 91541 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин
Шадыкан айыл аймагынын
- ТЖК атайын каражат бөлүмүнүн 2215 ар кандай чыгымдар - 31957 сом
- ФАП – грант Швейцария бөлүмүнөн 3112 эмеректер алууга – 59584 сом
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын болуп беруу Бакай – Ата райондук каржы болумуно сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүнн башкы бухгалтери Г.Жээнбаевага жүктөлсүн
Шадыкан айылдык кенешинин торагасы: | А.Назаралиев |