Загрузка документа…
2022-жылдын 21-январы № 33/5-28
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин иш-планын бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2022-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2022-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогорудагы буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы | Джолдошбеков Э.Б. |
| Сын-Таш айыл кеңешинин 21.01.2022-жылдагы сессиясынын №33/5-28 токтому менен бекитилген. |
СЫН-ТАШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ИШ ПЛАНЫ
№ п/п | Өткөрүлүүчү иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жоопкерлер |
1 | Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу. | Январь | А/ө |
2 | Дыйкандардын талаачылык жумуштарынын жыйынтыгы жана жазгы-жайкы талаачылык жумуштарында суу колдонуучулар ассосациясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө. | февраль | АВП “Жетиген-Суу,”Отөгөн Суу” |
3 | Калктуу пунктарды көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу жөнүндө. | Март | Башкы адис. |
4 | Жогору турган органдардан түшкөн буйрук чечимдер, токтомдордун иш жүзүнө ашырылышы жөнүндө. | апрель | Жоопту катчы. |
5 | Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө” мыйзамынын ишке ашырылышы жөнүндө. | май | Аймактагы вет.врач |
6 | Салык төлөмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөрдүн төлөнүшү жөнүндө. | июнь | Башкы адис. |
7 | Агрардык саясат жөнүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу. | июль | Башкы адис. |
8 | Аймакта жайгашкан мектептердин жаны 2022-2023-окуу жылына даярдыгы жөнүндө. | август | Салык инспект. |
9 | Сын-Таш айыл аймагынын жайыт колдонуучулар бирикмесинини аткарган кызматтары жөнүндө. | Сентябрь | Жайыт комитети. |
10 | Айыл тургундарынын медициналык жактан камсыздалышы жана тейленүүсү жөнүндө. | октябрь | АТС инспекторлору |
11 | Жарандардын арыздарынын жана кайрылууларынын каралышы жөнүндө | Ноябрь | Жоопту катчы |
12 | 2022-жылдагы аймакты өнүктүрүүнүн социалдык экономикалык абалы жөнүндө жыйынтык. | Декабрь | А/о |
Сын-Таш а/ө жооптуу катчысы: | М.Т.Бексултанова |