Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I отурум
2021-жылдын 11-майы №2
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, жана айылдык кеңештин катчысын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011- жылдын 15- июлундагы № 101 мыйзамынын 38- беренесинин 1 пункутунун негизинде өткөрүлүп, жыйынтыгы чыккандыгына байланыштуу айылдык кеңештин VII- чакырылышынын кезектеги I отуруму төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, мыйзам талабына ылайык өткөнү белгиленсин.
2. Шайлоонун натыйжасында көп добуш алган Токтомуратова Гульпери Абдилдаевна айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
3. Айылдык кеңештин 2021- жылдын 8- апрелиндеги № 1 жана айыл өкмөттүн 2021- жылдын 8- апрелиндеги № 31 биргелишкен Айбашев Айдарбек Мажитовичти айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызматына дайындоо жөнүндөгү биргелешкен буйруктары бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Уюштуруу отурумдун төрагасы: | К. Арапов. |
|