Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II отурум
2021-жылдын 19-майы №4
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылыштын регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жергиликтңң өз алдынча башкаруу жөнңндөгң 2011-жылдын 15-июлундагы 101-мыйзамынын 31-беренесинин 11 пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин регламентин бекитүү үчүн Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги II отуруму
Т О К Т О М К Ы Л АТ:
1.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын регламентти негиз катары бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | К. Арапов. |
|
Кызыл Октябрь айылдык Кенешинин 2021-жылдын «19» май № 4 токтому менен бекитилген.
|
Кызыл – Октябрь айылдык Кенешинин регламенти
1.Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кенеш (мындан ары Кенеш) жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери- Эски Покровка айылы болуп саналат жана курамы 4-жылдык мөөнөткө шайланган 21-депутаттан турат зарыл учурларда Төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча кеңештин отурумдары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын,жергиликтүү жамаатынын,Уставын,ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат.
-жергиликтүү маанидеги маселелердирди башкаруу тартибин белгилөө.
-жергиликтуу бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчотту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу.
-айыл Өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчотко канаттандыраарлык эмес деген баа берилген учурда,айылдык Кеңештин айыл Өкмөттүн,анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт.
-аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу.
-жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
-жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигиң ,анын ичинде муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө,муниципиалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу.
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштуу аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчоту угуу.
-мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөнөтүнөн мурда токтотуу.
-депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл Өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө.
–жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
-Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу,Кеңештин төрагасынын Кыргыз Рңспубликасынын Мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу.
Кеңештин Регламентин кабыл алуу.
-өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
-Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык сан-эсебин бекитүү.
-муздак сууну,канализацияны пайдалануу үчүн,ошондой эле каттуу тиричилик калдыктарын чогултуу,ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү.
-алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун,ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейин чейинки чектөөлөрдү аныктоо.
-ирригациялык тармактарды,уйдөгү жана уй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо.
-жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.
1.3. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы,төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
2.Айылдык Кеңештин ишин уюштуруу.
2.1. Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчу органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
2.2. Кеңештин отурумдары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгиленген күндө жана саатта өткөрүлөт.
2.3. Кеңеш күн тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б жагдайларга карата көчмө отурумдарды өткөрө алат.
2.4. Кеңешти чакыруу убактысы,отурумду өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы же катчысы отурумга чейин 2 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар отурумга чейин 1 кундөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
2.5. Кеңештин кезексиз отурумдары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча,туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча,же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат.Кезексиз ,отурум аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш.
Кезексиз отурумду чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүүгө жана кезексиз отурумдун зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
2.6.Кеңештин отурумуна пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин отурумуна пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизуунун демилгечилери даярдайт.
2.7. Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компитенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын,адистердин,ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүнкүн.
2.8. Кезектеги отурумдун күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар(чечимдердин долбоорлору,суроо-талаптар,кайрылуулар жана башкалар) отурумга чейин 5 күндөн кңчиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы,маселени талкулоо зарылчылыгы,убактысы менңен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
2.9. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш.
-аткаруучулардын аткаруу мөөнөтүн финансылоо булагын,ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө.
-таламдаш уюмдар,өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен,ал эми зарылчылык болгон учурда-тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе,Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу.
-бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга.
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.
2.10. Белгиленген маселе боюнча талкулоо үчүн чакырылгандардын тизмесинин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин (же жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.
3.Кеңештин отурумдары,депутаттык угуулар(депутаттык саат,депутаттык күн).
3.1. Кеңештин отурумдары (жыйналышы) Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса,укук ченемдүү болот. Айылдык Кеңеш,эгерде мыйзамда башкача каралбаса,айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алууга укуктуу.
Кеңештин депутаттары Кеңештин отурумдарына катышууга милдетүү.
Отурумдарга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары катчы) уюштурат.
Депутат кезектеги отурумдун башталган убактысынан жарым саат (30 минут) кечигип келсе,келбеди деп эсептелинет (жүйөөлүү себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).
Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутатты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.
3.2. Катары менен төрт жолудан ашык айылдык Кеңештин отурумуна жүйөөлүү себепсиз (жүйөөлүү себептер болуп,оору,өргүү,иш сапары,жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган саналат) дайыма катышпагандыгы үчүн,ошондой эле айылдык Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн айылдык кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчулук добушу менен Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутаттын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3.3. Кеңештин отурумдары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
3.4. Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүнкүн.
3.5. Кеңештин отурумдары -Кеңештин төрагасы,ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
3.6. Кеңештин отурумунда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын,жактап, каршы добуш бергендерди,калыс калгандарды көрсөтүү менен) ПРОТОКОЛГО киргизет.
Добуш беруу аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
3.7. Кеңеш ар бир отурумда Кеңештин отурумга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
3.8. Өзгөчө гана учурларда күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин отурумунда түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Отурумдун күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.9. Кеңештин отурумунда күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
3.10. Тигил же бул себептерден улам бул отурумда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки отурумунда калууга тийиш.
3.11. Отурумдун жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин,тең докладдар учун 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга 5 мүнөткө чейин,талапкерлер,алып баруу тартиби,добуш берүү жуйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар,маселелер,сунуштар,бидирүүлөр учун 3 мүнөткө чейин.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен төрагалык кылуучу доклад же сөз суйлөө үчүн убакытты узарта алат.
3.12. Депутат отурумдун бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес,ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
3.13. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса,төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз суйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
3.14. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин отурумдарынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
3.15 Отурумдун жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана отурумга чакырылып,катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын,угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин отурумунун жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде отурумунун жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе,протокол го отурумда төрагалык кылган адам кол койот.
3.16. Кеңештин отурумунда ,каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү Кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
3.17. Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча,туруктуу крмиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгү сунушу боюнча өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча депутаттык угууларды (депутаттык саат,депутаттык күн) демилгелешет жана өткөрүшөт.
Депутаттык угууларда (депутаттык саат,депутаттык күн) Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы,башка маселелер талкууланат.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кеңештин жыйналышына келүүгө милдетүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
Депутаттык угуулар кыскача жана маңызы боюнча стенограммаланат жана ага төрага кол койот.
3.18. Айылдык Кеңештин отуруму төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат. Депутат,ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кеңештин отурумунда,депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу. Чет мамлекеттердин,эл аралык уюмдардын,ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү,чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу,алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.
3.19. Отурумга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип,катышууга тыюу салынат.
4. Кеңештин чечимдери.
4.1. Отурумда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.Кеңештин чечимдери отурумда ачык,анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
4.2. Кеңештин чечимдери отурумда талкуулангандан кийин Кеңештин отурумга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчулук добушу менен кабыл алынат.
4.3. Кеңештин төрагасын,кеңештин төрагасынын орун басарын,туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо,Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө,Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча,Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол койот.
4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу,ал Кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
4.5. Эгер отурумга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе,ал негиз катары кабыл алынат. Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса,ал беренелер боюнча каралышы мумкун.
4.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде отурумга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе кабыл алынат.
4.7. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
4.8. Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.
4.9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөтө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
4.10. Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар,мекемелер жана алардын органдары,кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдетүү.
4.11. Кеңештин чечимдери сот тартибиндң же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
5. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин төрагасы.
5.1. Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат. Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаны чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
5.2. Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин отурумунда жашыруун добуш берүү жолу менен,эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе бошотулушу мүмкүн. Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы отурумдун күн тартибине киргизилет. Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет. Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен,эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш беришсе кабыл алынат.
5.3. Кеңештин төрагасы.
-отурумда,депутаттык угууларда ж.б төрагалык кылат
-жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат.
Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат.
Кеңештин Регламентин сакталышына көз салат.
Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол койот.
-депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт,аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат.
-отурум учурунда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда,жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу.
-электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыры болуп добуш берет.
-Кеңеште,анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт.
-Кеңештин туруктуу комиссияларынын,башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт.
-Мамлекеттик,коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат.
-Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат.
-Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат.
-Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында,анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат.
-Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт.
-жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат.
-мыйзамдарда каралган учурларда сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынан кол койот.
-Кеңештин чечимдерин Кызыл-Октябрь айыл аймагында турган бардык органдар,бирикмелер,ишканалар,мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт.
-ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет.
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
-Кеңештин атынан айылдык Кеңештин депутаттарына,айыл аймагынын атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак громата,төш белги ж.б.ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.
5.5. Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгө ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
5.6. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу.Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш беруу аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
5.7. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
6. Кеңештин төрагасынын орун басары.
6.1. Кеңештин төрагасынын орун босары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен отурумда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.
6.2. Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин отурумунда жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Отурумда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет. Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечим,эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе,Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
6.4. Кеңештин төрагасынын орун басары.
-Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат.
-ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат.
-Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
-Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.
Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу түрдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет,ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
7. Кеңештин жооптуу катчысы.
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Кеңештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын Кеңештин жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы.
-Кеңештин отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден катоодон өткөрүү боюнча иш алып барат.
-Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат.
-Кеңештин отурумдарына материалдарды даярдайт,аларды депутаттарга өткөрүп берет.
-отурумга катышуу үчүн депутаттарды,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын,коомдук уюмдардын,калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрун,адистерди чакырат.
-депутаттардын Кеңештин отурумдарына келишин эсебин алат.
-Кеңештин отурумдарынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат.
-башка функцияларды аткарат.
8. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
8.1. Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жанаа даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин отурумунда кабыл алынат.
8.2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет.Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшымаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат. Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
8.3 Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин отурумунда бекитилет.
8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда үч депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин отурумунда жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атын атоо менен жүргүзүлүшү мүнкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.5. Депутат катары менен жүйөөлүү себеп болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын үч жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүнкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: ооруу, өргүү, иш сапары саналат.
8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелинет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин отурумунда шайланган депуттатардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет. Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиясын төрагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат:
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
- комиссияын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
-комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт:
-төрагаыны орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөлөрүнө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алап барат.
8.9. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
8.10. туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
-төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
8.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат. Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
8.12.Туруктуу комиссиянын катчысы: туруктуу комиссиянын жыйналшынын протоколун жүргүзөт:
- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат:
- комиссиянын чечимдерин комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдарынын, калктыктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн адистери чакырат.
8.13. Туруктуу комиссияын мүчөсү комиссиянын ишине каттышууга, комиссияынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
8.14. сунуштары комиссияын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин отурумунда талкуулоо учурунда аларды өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же ооз эки формада киргизе алат.
8.15. Комиссияын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссияын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
8.16. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17. мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу туруктуу иштеген жер боюнча орточо эмгек акы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыка жараша, бирок кварталына кеминдң бир жолу чогулат.
8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышын комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
8.21. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе ал кабыл алынды деп эсептелинет.
8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
8.23. Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүнкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналашы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол койот.
8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.27. Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол койот.
8.28. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
8.29. Туруктуу комиссиялар Кеңештин отурумдарында төмөнкүчө жоюлат:
- туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча:
- эгерде комиссиянын жыйналыштары үч ай боюу (анын ичиндң кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда:
- комиссияда үчтөн аз мүчө калган учурда.
9. Убактылуу (атайын) комиссиялар
9.1.Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
9.3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардын иш тартибине окшош.
10. Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
10.1. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин отурумунун бекитүүсүнө киргизилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде беш депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
10.4. Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн Кеңештин жалпы жыйынына киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
10.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүк тарабынан кабыл алынат.