Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III отурум
2021-жылдын 29-июлу №6
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгына аткарган иштери боюнча отчёту, үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгындагы аткарган иштери боюнча отчёту, бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3-пунктуна ылайык алдын ала берилген материалдарды карап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин III- кезектеги отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгындагы аткарган иштери боюнча отчёту,жана бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы кемчиликтер менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин алты айлыкта үнөмдөлгөн 280,0 миң сом акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын (тиркеме № 1 тиркелет).
3.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Уюштуруу отурумдун төрагасы: | К. Арапов. |
Тиркеме № 1.
Бөлүм | Глава | Параграф | Берене | Өзгөрүү суммасы | Анын ичинен квартал боюнча | |||||
+ | - | 1-кв | 2-кв | 3-кв | 4-кв | |||||
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2214 | 150,0 |
|
|
| +150,0 |
| |
|
|
| 2215 | 130,0 |
|
|
| +130,0 |
| |
|
|
| 2221 |
| 125 |
|
| -125,0 |
| |
|
|
| 3111 |
| 60,0 |
|
| -60,0 |
| |
Соц коргоо | 92320 | 71092 | 2721 | 95,0 |
|
| -95,0 |
| ||
Жалпы: | 280,0 | 280,0 |
|
| 0,00 |
| ||||
Айылдык кеңештин төрагасы: К. Арапов