Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III отурум
2021-жылдын 29-июлу №7
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасына кошкон салымдары үчүн Кызыл- Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин ардактуу атуулу наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.
- Абитов Жеңишбек Эсеналиевичке.
- Бекмурзаев Каныбек Зиадиновичке.
- Исмаилов Аваз Эргешовичке.
- Сатимов Данияр Иркабаевичке.
3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө ардактуу атуулу громаталарын алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К. Арапов. |