Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IV отурум
2021-жылдын 19-октябры №8
“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор- Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши “Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде 12,83 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколу (корутундусу) жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 23 под пункуттарына ылайык алдын ала берилген материалдарды карап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз IV отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде 12,83 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушу менен .“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына аткарып жаткан иштерине көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн биргелешкен комиссия түзүү жагы тапшырылсын.
3. “Эдельвейс Голд” ЖЧКсы менен түзүлгөн соц. пакеттин аткарылышы мыйзам чегинде типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлүп, алымча кошумча форс мажор учурлары менен эске алынсын.4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |
|