Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги V отурум
2021-жылдын 5-ноябры №12
Кызыл-Сеңир айылындагы чайкананын алдына “Чыгаандар аллеясын” түптөөгө, жана “Кызыл-Сеңир айылынын чыгаан инсандары” деп бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 02- ноябрындагы № 715 чыгыш номери менен жөнөтүлгөн өтүнүч катын, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V- отурумунун күн тартибинде (ар түрдүү маселелерде) каралып талкууланып, көп жылдык элге кылган эмгектерин эске алуу менен төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылындагы чайкананын алдына “Чыгаандар аллеясын” түптөөгө макулдук берилсин.
2.”Кызыл-Сеңир айылынын чыгаан инсандары” деп төмөндөгү атуулдар бекитилсин.
- Маатов Суеркул Жогорку соттун судьясы.
- Шеров Аттокур Медицина илимдеринин доктору.
- Малашов Шамурат КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери.
- Нурумбетов Балтагул КР эмгек сиңирген мугалими.
- Полотов Жеңиш КР эмгек сиңирген мугалими.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К. Арапов |