Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги V отурум
2021-жылдын 5-ноябры №13
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Эски-Покровка айылында жайгашкан № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму Кызыл-Октябрь өкмөтүндөгү Эски-Покровка айылында жайгашкан № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгесин долбоордун смета баасы 3351078 (үч миллион үч жүз элик бир миң жетимиш сегиз) сом колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 2022-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы (“ж.б. чыгымдар” статьясынын имаратты кезектеги ремонт иштери, имаратты оң абалда кармоо, ар түрдүү долбоорлорду, демилгелерди колдоо ж.б. пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү, же 810 000 (сегиз жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга жүктөлсүн.
Төрага: | К. Арапов |
|