Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
2022-жылдын 17-январы №15
“Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселелерди айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын сунуштарын, берилген маалыматтарын угуп, жана аны ар тараптан талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 26291,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен: 14997,2 миң сом жергиликтүү бюджет. 11294,0 теңдештирүүчү грант.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 26291,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024- жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир жылдын долбоорун бекитүүдө такталууга жатары белгиленсин.
4. Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (комуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
6. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2022- жылга 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.
9. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
10. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык туруктуу комиссиясы менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2022-жылдын 01-январына карата 170,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0 миң сом экендиги белгиленсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга, жана ФЭБнүн башчысы-башкы эсепчи Т.Жээнбековко жуктөлсүн.
Төрага: | К. Арапов |