Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
2022-жылдын 17-январы №17
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русландын CASA -1000 долбоорунун Өзгөн району боюнча менеджер координатору Жээналиева Астранын баяндамаларын угуп талкууланып чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин өздүк салым үчүн 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты бекитилсин.
3.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русланга жана ФЭБнүн башчысы – башкы эсепчи Жээнбеков Т. милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К. Арапов |