Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
2022-жылдын 17-январы №19
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылга иш-планын иштеп чыгуужөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде 2022-жылга айылдык кеңештин иш-планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү маселесин каралып талкууланып чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Регламенттин талаптарына ылайык 2022-жылга айылдык кеңештин иш-планын иштеп чыгуу үчүн депутаттардан турган жумушчу топ түзүлсүн.
2.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Токтомуратова жумушчу топтун башчылыгына, комиссиялардын төрагалары К. Сатывалдыев, А. Баатырова, А. Кайкыев жумушчу топтун мүчөлөрү болуп бекитилсин.
3.Жумушчу топтун башчысы Г. Токтомуратовага бир айлык мөөнөттүн ичинде иш-пландын долбоорун айылдык кеңештин жалпы отурумуна сунуштасын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | К. Арапов |