Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII отурум
2022-жылдын 15-февралы №21
Мал жана башка жандыктардын ээлерине “ПОТРАВА” боюнча айып пул салуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 01-февралындагы № 68 өтүнүч катын (айдалган эгиндерине, үлүш жерлерине, огородторуна материалдык зыянга учуратканда) жана айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жергиликтүү калктардын өтүнүчтөрүн элдик жыйындардын протоколдорун эске алуу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мал жана башка жандыктардын ээлерине айып пул салуу боюнча жылкыга-10000-сом, кара малга-5000-сом, кой эчкиге-3000-сом өлчөмүндө айып пул салууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |