Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII отурум
2022-жылдын 15-февралы №22
Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин арызын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |