Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
2022-жылдын 5-марты №23
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Үч-Алыш” СПАсын менчигиндеги ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Суу кодексинин” 84-беренесинин 1,5-пункуттарына ылайык “Үч-Алыш” СПАсынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципиалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулунун сунушун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII - отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Үч-Алыш” СПАсынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курул-малардын жалпы бөлүгүн (схемада каралган), мүлктөрү анын ичинде XN 977-2L чыгарылган жылы 2013,кузову № 13083181, кыймылдаткыч № Х1315083 үлгүсүндөгү экскватор муниципиалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө өтүнүч кайрылуусу канаттандырылсын, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын муници-пиалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулуна:
1) ”Үч-Алыш” СПАсы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн (жер канал,жер арыктары) кабыл алуу өткөрүп берүү актысын түзсүн.
2) Ирригациялык курулмаларды муниципиалдык менчик реестрине камтысын.
3) ”Үч-Алыш” СПАсы менен биргеликте ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариалдык канторасынан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |