Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум
2022-жылдын 05-марты №24
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевтин 2021-жылдагы отчёту жана 2022-жылга жайыт планы бюджетинин долбоорун жана Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт планы бекитилсин.
2.Жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевтин 2021-жылдагы аткарган иштерин кемчилдиктер менен канаттандыраарлык деп табылсын.
3.Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети 412375-сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык иш жүргүзүү менен тийиштүү отчётторду берип туруу жагы милдеттендирилсин.
5.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |
“Бекитемин”
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин
VII-чакырылышынын кезексиз VIII-
отуруму “ 05 ” март 2022-жылдын
№24 токтому менен
Төраганын орун басары
Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети.
№ | Чыгаша бөлүгү | Саны | Сом менен | Жалпы чыгым |
1 | Жайыт комитетинин төрагасы | 1 | 7000 | 70 000 |
2 | Эсепчи | 1 | 6000 | 60 000 |
3 | Мал санакчы | 2 | 3200 | 32 000 |
4 | Баардыгы: |
| - | 162000 |
5 | Транспорттук чыгым |
| 9000 | |
6 | Жер салыгы |
|
| 84 000 |
7 | Социалдык чегерүү 17,25% |
|
| 41 000 |
8 | Инфраструктураны өнүктүрүү |
|
| 80 000 |
9 | Кеңсе буюмдары |
|
| 4000 |
10 | Жайытка мониторинг жүргүзүү |
|
| 5000 |
11 | Сапар чыгымы |
|
| 5000 |
12 | Эмгек акыдан кармалуучу салык |
|
| 15 000 |
13 | Башка жумуштарга |
|
| 7375 |
Жалпы чыгаша: 412375
Киреше бөлүгү:
№ | Малдын түрү | Саны | Жалпы төлөө жайыт акысы | Көтөрүү коэфиценти | Шартуу мал башы | Жайыт билет акы | Жалпы сумма 2022-ж |
1 | Саан уй | 2566 |
| 1 | 2566 | 60 | 153960 |
2 | Жаш малдар | 1094 |
| 0,7 | 766 | 45 | 34470 |
3 | Кой-эчки | 9385 |
| 0,2 | 1877 | 35 | 65695 |
4 | Жылкы эшек | 1055 |
| 1 | 1055 | 150 | 158250 |
| Жалпы: |
| - | - |
| - | 412375 |
Жайыт башка максатка пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге же огород катары тосуп пайдаланган жерлер үчүн 50-сомдон акы төлөнсүн, ар бир бал челек үчүн 20-сомдон акы төлөнсүн.
Жайыт комитетинин башчысы: Б. Кыдыралиев.
Жайыт комитетинин эсепчиси : У. Умаралиев