Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум
2022-жылдын 05-марты №25
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын үчүнчү көчөсүнө Абдраимов Маманын атын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундарынын 2022-жылдын 14-февралындагы элдик жыйындын протоколун жана айыл башчысы А. Калмурзаевтин баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын үчүнчү көчөсүнө Абдраимов Маманын атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга жана Ынтымак айылынын айыл башчысы А. Калмурзаевке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |