Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум
2022-жылдын 05-марты №26
Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман-Адыр участкасында жайгашкан кыш завотунун ишмердүүлүгүн керектүү иш-кагаздары бүткөнгө чейин убактылуу токтотуп туруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын 2022-жылдын 21-февралындагы элдик жыйындын протоколун жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман-Адыр участкасында жайгашкан кыш завотунун ишмердүүлүгүн керектүү иш-кагаздары бүткөнгө чейин убактылуу токтотуп турууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |