Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум
2022-жылдын 05-марты №27
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун сунушу колдоого алынсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобоону иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
3.Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн каада-салт боюнча комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |