ТоктомКүчүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылдын 05-мартындагы №28 «Кара-Шоро жайытындагы жайыттын картасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция05.03.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум

2022-жылдын 05-марты №28

Кара-Шоро жайытындагы жайыттын картасын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт (жайыт картасы) жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулуна милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары:

Г. Токтомуратова