Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум
2022-жылдын 05-марты №29
“ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмун каттоо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айылынын жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнүн жалпы уюштуруу жыйынынын протоколун Уставын жана жобосу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылындагы “ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмун каттоого алууга макулдук берилсин.
2. “ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмунун Уставы жана жобосу бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г. Токтомуратова |
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII- отуруму “ 05 ” март 2022-жылдын №29 токтому менен каттоого алынды. Төраганын орун басары
Г. Токтомуратова |
Кызыл-Октябрь
айылдык жамааттык уюмунун
Уставы
Кызыл-Октябрь айылы 2022-ж
1. Жалпы жоболор.
1. Айылдык жамааттык уюм(мындан ары АЖУ) -айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексин коммерциялык эмес уюмдар жонундо, "Жергиликтуу озалдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация жонундо", Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери" жонундогу мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык тузулот жана озунун ишин алып барат.
2. Айылдык жамаатттык уюм (АЖУ)- жергиликтуу социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүго, анын ичинде жамааттык топтор башкарган жергиликтуу социалдык жана экономикалык инфраструктурага, киреше алып келуучу ишканаларга туруктуу инвестицияларды биргелешип пландаштырууга жана турмушка ашырууга багытталган иштерди алга илгерилетуучу жана жана жузого ашыруучу , Кызыл- Октябрь айылында жашаган жергиликтуу жамааттын мучолорунун ыктыярдуу бирикмеси.
3. АЖУ- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Озгон районундагы Кызыл - Октябрь айылдык кенешинин, Кызыл- Октябрь айылында жайгашкан жана Кызыл- Октябрь айылынын аймагында аракеттенет.
АЖУнун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Озгон району, Кызыл -Октябрь айылдык кенешинин Кызыл-Октябрь айылы,Эрматов Кудайберди кочосу уй №2.
4. АЖУнун ишинин мөөнөту чектелбейт.
5. АЖУнун толук расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: Ош областынын, Өзгон районунун, Кызыл- Октябрь айылдык кеңешинин, Кызыл- октябрь айылынын "Фирдаус"- Айылдык жамааттык уюму".
- орус тилинде: Орган сельских сообществ "Фирдаус" село Кызыл-Октябрь, Кызыл- Октябрского айылного кеңеша Узгенского района Ошской области.
Айылдык жамааттык уюмунун кыскача аталышы:
- кыргыз тилинде: АЖУ-"Фирдаус".
-орус тилинде ОСС-"Фирдаус" . 6. АЖУ коммерциялык уюм эмес болуп саналат, анын уюштуруу-укуктук формасы болуп аймактык коомдук өз алдынча башкаруу болуп эсептелет. АЖУ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна, өз ишин жургузуу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана сотто доочу жана жоопкер катарында оз ишин жургузо алат.
7. АЖУ өзүнүн аталышын камтыган мөөру, кыргыз жана орус тилдериндеги штампы, эсептешуу эсеби жана башка банктык эсептери болот.
2. АЖУну түзүүнүн жана иштешинин принциптери.
8. АЖУ нун иши төмөндөгү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- ыктыярдуу мүчөлүк;
- демократия, айкындуулук, ачыктык жана коомдук пикирди эсепке алуу;
-социалдык-коомдук, экологиялык, турак-жай жана АЖУтын мүчөлөрүнүн таламдарын козгой турган дагы башка маселелерди чечүүдөгү коллегиалдуулук,
эркин талкуулоо;
- экономикалык жана чарбалык өз алдынчалыктын негизиндеги өзүн өзү аныктоо,
өзүн өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;
- үй чарбачылыгындагы бирдей өкүлчүлүктү камсыз кылуу;
- АЖУнун мүчөлөрүнүн таламдарынын жалпылыгы;
- жашаган жери боюнча аймакташтык.
3. АЖУнун укуктук статусу.
9.1. АЖУнун иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө
салуучу мыйзамдын, АЖУнун жана алардын бирикмелери жөнундөгу мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле АЖУнун уставдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
9.2. АЖУ - коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
9.3. АЖУ өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун
жана уставынын негизинде аны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттаган учурдан тартып юридикалык
жактан статусун алат.
9.4. АЖУ ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
карама-каршы келбеген, АЖУнун уставына ылайык ага таандык болгон финансы
каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
9.5. АЖУ мүлктү сатып алууга, АЖУнун менчигинде болгон мүлктү ижарага
берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрууго, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, АЖУнун иштери
менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
9-статья. АЖУнун мүчөлөрү жана алардын укуктары
1. АЖУнун уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында
туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, АЖУ менен өз ара таламдары боюнча
байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам, АЖУнун мүчөсү
болушу мүмкүн.
2. АЖУнун уставына ылайык, АЖУга мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу
болуп саналат.
3. АЖУнун мүчөлөрү АЖУнун менчигин бирдей пайдалана алышат.
4. АЖУнун мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабагандыгы
жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.
5. АЖУнун мүчөсүн андан чыгаруу ага алдынала 30 күн мурда кабарлангандан
жана АЖУнун жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берил генден кийин гана жүзөгө
ашырылышы мүмкүн.
АЖУнун мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте даттанылышы мүмкүн.
10-статья. АЖУнун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү
Өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы
1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- АЖУну түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу
шарттарын түзүүгө;
- АЖУну түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укуктарын
жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды, гранттарды жана микрокредиттерди
тартууга көмөк көрсөтүшөт.
2. АЖУнун таламдарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары АЖУ уюмдар менен консультацияларды өткөрөт.
3. АЖУну алардын таламдарын козгоочу маселелер боюнча мамле-
кеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жибе-
рилүүчү расмий кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
11-статья. АЖУнун иш-милдеттери.
АЖУ:
- мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн
таламдарын билдиришет;
- АЖУнун иштерине тиешелүү маселелер талкууланганда жергиликтүү кенештердин иштерине кенеш берүү укугу менен катышат.
- жергиликтүү кенештердин, алардын аткаруучу органдарынын
жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын АЖУнун иштеринин
маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;
- айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кенештердин аймактарды пландаштыруу
абат кылуу, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык объектилерди куруу
маселелери боюнча ишине катышат.
- АЖУнун уставынын максаттарына жана милдеттерине ылайык дагы башка
иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
АЖУнун укуктары жана жоопкерчилиги.
1. АЖУ төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
- тиешелүү жергиликтүү кееештер, алардын аткаруучу орган дары, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар,
кооперативдер, АЖУ жана башка чарбакер субъек ттер менен келишимдик негизде
эриш-аркак аракеттенүүгө;
- өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана
социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объек ттерди курууга жана
ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды
пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;
- АЖУнун менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес
жайларды ижарага берүүгө;
- АЖУнун максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук
уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
2. АЖУ өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
АЖУнун жалпы чогулушу.
1. АЖУнун жогорку органы анын жалпы чогулушу болуп саналат.
Жалпы чогулушту өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жаматтын уставында аныкталат.
2. Жаныдан уюшулган АЖУнун биринчи жалпы чогулушун АЖУ түзүү боюнча
демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири ачат.
3. АЖУнун биринчи чогулушунун күн тартибине төраганы шайлоо, АЖУнун
уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана АЖУнун ишин жөнгө
салуучу дагы башка маселелер киргизилет.
4. Жалпы чогулушта чечим чогулушка АЖУнун мүчөлөрүнүн кеминде
үчтөн экиси катышканда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
АЖУнун жалпы чогулушунун компетенциялары.
Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- АЖУтын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- АЖУнун иштеринин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайда лануу
тартибин аныктоо;
- АЖУнун мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде уставда баш кача белгиленбесе);
- АЖУнун төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;
- АЖУнун иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитуу;
- АЖУнун башка юридикалык жактардын иштерине катышуу маселелери;
- АЖУну өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- зайым жана кредит алуу;
- АЖУнун уставында каралган дагы башка маселелер.
АЖУнун төрагасы.
1. АЖУнун төрагасы анын биринчи жалпы чогулушунда АЖУнун мүчөлөрүнүн
арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча ачык
же жабык добуш берүү менен шайланат.
2. АЖУнун төрагасы АЖУнун документтерин жолжоболоштурат , алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
3.АЖУнун төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү АЖУнун биринчи жалпы жыйынында аныкталат жана бекитилет.
АЖУнун менчиги.
1. АЖУнун менчигине төмөндөгүлөр кирет:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- өз каражаттары.
2. АЖУнун менчигин түзүү, пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө тартиби
жаматтын жалпы жыйынында бекитилген жобонун негизинде жургузулот.
АЖУнун финансы-экономикалык негизи жана менчиги.
1. АЖУнун финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, АЖУ нун менчигин
пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр, Кыргыз Республикасынын,
ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу салымдары,
гранттар, ошондой эле зайым, кредит жана дагы башка финансы ресурстары түзөт.
Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү АЖУнун мүчөлөрүнүн жалпы
чогулушунун чечими менен аныкталат.
2. АЖУнун экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курул ган же сатып
алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан ага өткөрүп
берилген объекттер болуп саналат. Жаматтын каражаттары ошол аймакта жашап
жаткан калктын социал дык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу
максаттары үчүн жа маттын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,
жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын АЖУнун финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
АЖУнун ассоциациялары (бирликтери)
1. АЖУнун иштерин координациялоо, таламдарын коргоо жана билдирүү,
биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дагы башка милдеттер менен көйгөйлөрду чечүү максатында ыктыярдуу түрдө ассоциацияларга (бирликтерге)
бириге алышат. АЖУтардын ассоциациясы (бирлик) коммерциялык эмес уюм
болуп саналат.
2. Ассоциация (бирлик) жергиликтүү кеңештерде катталган учурдан тартып
юридикалык жактын статусун алат. Ассоциациянын (бирликтин) мүчөлөрү
өз алдынчалуулугун жана юридикалык жактын укуктарын сактап калышат.
. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүү жана анын иштеши
1.Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бириккен АЖУнун ыктыярдуу
негизде коммерциялык эмес уюмду - юридикалык жак болуп саналган жергиликтүү
өнүгүү фондун уюштурат.
2. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүүнүн жана жоюунун тартиби, анын каражатырын
түзүү жана аларды берүү шарттары жергиликтүү өнүгүү фонду нун уставы менен жөнгө
салынат, ал юстиция органдарында катталат.
3. Уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда жергиликтүү өнүгүү фондунун уставына
ылайык Фонддун башкармалыгы шайланат.
4. Жергиликтүү өнүгүү фондуна салымдар катарында АЖУдын ыктыярдуу
төгүмдөрү, жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык донорлордун, өкмөттүк
эмес жана башка уюмдардын демөөрчүлүк каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
5.Жергиликтүү өнүгүү фондунан каражаттарды берүү белгиленген кезектүүлүк тартибинде, ачыктыктын жана айкындуулуктун шарттарында жерги-
ликтүү өнүгүү фондунун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
6. Уставда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурлардан тышкары жергиликтүү өнүгүү фондунун иштерине анын
юридикалык статусун, ишинин максатын жана мүнөзүн өзгөртүүгө алып
келүүчү кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт.
АЖУнун башкаруу органдары.
АЖУнун башкаруу органдары болуп төмөнкулор саналат:
-Башкарма(Правления). -Текшеруу комиссиясы
Башкармалык.
Кызыл Октябрь айылынын АЖУ нун ишмердуулугун алып баруучу жана тескөөчу органы болуп анын Башкармалыгы эсептелет. Башкармалык АЖУ нун жалпы жыйынында анын мучөлөру тарабынан 4 жылдык мөөнөт менен шайланат. Жалпы жыйындын чечими боюнча шайланган Башкармалыктын 11 мучөсу,олтурум (заседание) өткөруп, өзунун ичинен ошол эле мөөнөт менен төраганы шайлашат. Башкармалыктын олтуруму айына бир жолудан кем эмес мөөнөттө өткөрулуп турат. Керектуу учурда андан да кыска мөөнөттө өткөрүлүшү мумкун.
Башкармалыктын укуктары жана милдеттери:
- Башкармалык өзүнүн ишмердүүлүгүн ушул Уставдын, Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери" жөнундө мыйзамдын, ошондой эле жамаат койгон максатына жетүү үчүн, өзу тарабынан иштелип чыгып айылдык кеңеште бекитилген атайын Жобонун негизинде иш алып барат.
-АЖУнуныркы жана перспективалык пландарын иштеп чыгат.
-АЖУнун ишмердуулугунун ички регламентин иштеп чыгат жана аны Башкармалыкта бекитет.
-айылдын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнугуусунун стратегиялык планын иштеп чыгууну коомчулук менен бирдикте координациялайт.
-айыл инфраструктурасынын тиешелуу талаптарга жооп бергидей абалда болушун козомолдойт жана алардын ремонттоо иштерине катышууну камсыздайт.
- айылдык кеңеш, айыл окмоту жана айыл аймагында жайгашкан бардык мекеме , ишканалар менен бирдикте айылды өнуктуруу багытында иш алып барат.
-айылдык кеңеш тарабынан Кызыл-Октябрь айылынын маселеси каралган сессияда Башкармалыктын төрагасы же анын өкулу сөзсуз катышат.
-Айылдык Кенештин же айыл өкмөтунун ушул айыл боюнча болгон чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт жана аткарылышына салым кошот.
Текшеруу комиссиясы.
Текшеруу комиссиясы уюмдун финансы- чарбалык ишмердуулугуно козомол жасап турат.
-Текшеруу комиссиясы жылдык текшеруулор боюнча бүтүм жасап аны АЖУнун жалпы чогулушунда кароо учун жиберет.
-Текшеруу комиссиясынын составы жалпы айылдык чогулушта АЖУнун мучолору тарабынан 4 жылга активдуу финансы тармагында билими бар адистерден шайланат.
-Текшеруу комиссиясынын составына АЖКнун башкармалыгынын мучолору шайланбайт.
-Башкармалыктын торагасы жана мучолору текшеруу комиссиясынын талабы боюнча бардык документтерин корсотот жана текшеруу реалдуу болушуна шарт тузот.
АЖУнун ишинин токтотулушу.
АЖУнун ишмердуулугу ал ликвидация же реорганизация болгондо гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.
-Реорганизация.
Реорганизация (жамааттар бириккенде, же болунгондо, озгортуп тузулгондо д.у.с. учурларда) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин же башка тиешелуу мыйзамдардын , ошондой эле ушул Уставдын таламдарына ылайык жургузулот.
Реорганизация боюнча чечим АЖУнун жалпы чогулушунда кабыл алынат. -Ликвидация.
а/ Ликвидация боюнча чечим АЖУнун жалпы чогулушунда кабыл алынат.
б/ Соттун чечими боюнча, атайын мыйзамда каралган учурларда.
Мамлекеттик реестрде атайын белги(жазуу) калтырылып, АЖУ ишин токтотот.
Кызыл-Октябрь жамааттык уюмунун торагасы | А. Шадманов |
" Фирдаус" айылдык жамааттык уюмунун максаттарын ишке ашыруу боюнча
Ж О Б О.
Максаттары: - жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчиликти өз мойнуна алып, чечүү үчүн жамааттын мүчөлөрүндө бир коомдоштукка таандык болуу сезимин өнүктүрүү;
- жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу;
- жамааттын мүчөлөрүн жамаатты жана жергиликтүү коомдоштуктун ишин башкарууга катышууга тартуу;
- жамааттын мүчөлөрүнө өз ара жардам көрсөтүү;
- социалдык мобилизациялоо боюнча калктын активдүүлүгүн жогорулатуу.
Милдеттери:
-Айылдык инфраструктуранын (жол, копуроо, кочолорду жарыктандыруу, таза-суу ж.у.с. ) ондоп тузоо иштерине катышуу жана финансалык колдоо.
- Аз камсыз болгон уй булоолорго материалдык жана акчалай жардам корсотуу.
- Айылдын корктондуруу жана жашылдандыруу иштерине активдуу катышуу жана финансалык колдоо.
- Чет олколордон инвестиция тартып, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу.
- Жер иштетип, эгин эгип, алынган пайданы Уставдык максаттарга пайдалануу.
- Жаштар арасында окуу, тарбия жана спорт маселелерин жогорку денгээлге которуу жана финансалык колдоо.
- Жаштарды иш менен камсыз кылуу маселеси боюнча иш алып баруу.
Жогоруда айтылган максаттарга жетуу учун Айылдын онуктуруу фондун уюштуруу.
Айылдын онуктуруу фондун уюштуруу маселеси АЖУнун башкармалыгынын олтурумунда каралып, томондо аныкталган ченде акчалай салым кошуу чечими кабыл алынды:
- Кайра болуштуруу жер фондунан (ФПС) аукциондон арендага жер алып иштеткен дыйкандардан: жылына бир гектарына - 1000сомдон.
- Бак, дарак эккен бакбандардан: жылына бир гектарына - 1000сомдон.
- Техника (комбайн, трактор, камаз, фура, плющилка ж.у.с.) иштеткен ишкерлерден:
жылына - 2000 мин сомдон.
- Мал жандыгынын эсебинен:
- жылкы башына бир жылга - 300сомдон:
- уй башына бир жылга - 200сомдон.
- кой башына бир жылга - 50сомдон
Айылда жайгашкан соода дукондорунун эсебинен: жылына - 1000сомдон
Айылда жайгашкан буйум (пескоблок ,брусчатка, кирпич ж.у.с.) иштеп чыгаруучу ишкана эсебинен - жылына 1000сомдон.
Мындан тышкары кайсы булактардан акча каражаты тушушу мумкун:
- айыл окмотунун бюджетинин эсебинен айылдык депутаттардын алдын- ала пландаштырылган максаттуу иш аракетинин натыйжасында.
- Чет олколордо мигрант катары иштешип жургон биздин айылдын тургундары тарабынан айылыбыздын осуп- онугушуно болгон ыктыярдуу акчалай салымы .
- Чет олколордон инвестиция катары конкурс аркылуу женип алып келинген акчалай же материалдык баалуулуктар.
- Айылдын кайсы бир койгойун чечуу же ишкана куруу учун долбоор жазуу аркылуу алып келинген гранттык каражат же женилдетилген узак мооноттуу кредит.
Топтолгон акча каражаты жана материалдык баалуулуктар оз максатын аткаруу учун кандай козомолго алынат жана кандай тартипте иштетилет.
АЖУнун Уставына ылайык уюшулган фондунун максаттуу иштешин анын Башкармалыгы уюштурат жана координациялайт. Ал алдын ала тузулгон иш планына жараша ошондой эле бугунку абалды жана муктаждыктарды эске алуу менен иш жургузот. Ар бир максаттуу чыгымдар башкармалыктын кезектуу же кезексиз откорулгон олтурумунда каралат жана каралган маселе башкармалыктын кеминде 2/3 добушу менен чечилет. Ар бир отурумдун чечимдери оз убактысында маалымат доскасына илинет жана кезектеги жалпы жыйында элге маалымат берилет. Жылына элге жылдык жыйынтыктоочу жыйында да маалымат берилет жана жылдык жыйынтык чыгарылат.
Рев. комиссия озунун иш пландарына жараша иш алып барылат. Ага ылайык ар бир текшеруунун жыйынтыгын маалымат доскасына корсотот. Жамааттын уюмдун жалпы жыйынында АЖУ нун ишмердуулугу боюнча элге отчет берет.
Кызыл-Октябрь жамааттык уюмунун торагасы | А. Шадманов |