Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
2022-жылдын 14-майы №31
Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылына жаш муундарга татыктуу тарбия жана билим берүү максатында, курамына мектеп, бала-бакча, ФАП мечит куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын 15-беренесинин 8,4 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренеси менен таанышып угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 780-контурдагы 1,7 га жер аянтына мектеп, бала-бакча, ФАП жана мечит куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы: | К.Арапов |