Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
2022-жылдын 14-майы №32
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026 – жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 жана 50- беренелерине ылайык, айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагаcы: | К.Арапова |
«Макулдашылды» Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин төрагасы __________________ К. Арапов. «_____» __________________ 2022-жыл | «Бекитемин» Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы _______________ Талантбек уулу Руслан. . «___» _____________ 2022-жыл |
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн иш чаралар Планы.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуулар | Каржылоо булагы |
1 | Чакан жана орто бизнестин система түзүүчү ишканаларын колдоо | 1.Кочкор-Ата айылында чакан ишкана ачуу. 2.Лесхоз айылына таш майдалоочу ишкана ачуу
3.Кызыл-Октябрь айылындагы кыш заводдун потенциалын жогорулатуу
4Кызыл-Сенир айылына багыттуу жеке мектеп ачуу
5.Лесхоз айылына калкты тейлөөчү пункт ачуу, (кичи базар)
6.Ынтымак айылына мончо жана дары дармек сатуучу аптека ачуу
7.Кочкор Ата айылына калкты тейлөөчү пункт ачуу, (кичи базар) | 2022-жыл 3-кварталь 2023-жыл
2023-жыл
2024-жыл
2025-жыл
2026-жыл
2026-жылга чейин | 50-жумушчу орун түзүү 30-жумушчу орун түзүү
100-жумушчу орун түзүү
30-жумушчу орун жана айыл балдарынын багыттуу билим алуусуна шарт түзүлөт
100-жумушчу орун түзүлүп калктын азык түлүк товарлары базарга чыгат
20-жумушчу орун түзүлүп, калктын саламаттыгына кам көрүлөт
100-жумушчу орун түзүлүп калктын азык түлүк товарлары базарга чыгат
| Айыл өкмөтү, жеке ишкер
| Жеке инвестициялар
|
2 | Билим берүү, социалдык тейлөө жана курулуш тармагында жумуштарды аткаруу | 1.Алга айылында К. Ботобекова орто мектебинин курулушу
2.Кызыл-Сенир айылында П. Жолдошов орто мектебине кошумча окуу корпусунун курулушу
3.Алга айылына бала бакча куруу
4.Лесхоз айылына бала бакча куруу
5.Эски Покровка айылына бала бакча куруу
6.Гузар айылына окуу борборун ачуу
7.Кызыл-Октябрь айылына маданият үйүн куруу
8.Кызыл-Сенир айылына 2-бала бакча ачуу жеке ишкерлер тарабынан
9.Кызыл-Сенир айылына жаны заманбап ФАП куруу
10.Кызыл Сенир айылына жаштардын эс алуучу аянтча куруу
11.Кызыл-Сенир айылына маданият үйүн куруу
12.Кызыл-Октябрь айылындагы О. Жакыпов орто мектебин ыссык тамакка өткөрүү
13.Ынтымак айылына бала бакча куруу
14.Сенир жана Тогузунчу айылдарына башталгыч класс мектеп куруу
15.Кочкор-Ата айылына спорт зал куруу | 2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2024-жылга чейин
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2025-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жылы
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2025-жылга чейин | Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо | Райондук билим берүү башкармалыгы, айыл өкмөтү | Республикалык жергиликтүү бюджеттин алкагында жана донор уюмдардын жардамында |
3 | Айыл жана коммуналдык чарбалардын инфраструктурасын жакшыртуу | 1.Лесхоз айылына логистикалык борбор ачуу
2.Беш Абышка айылына мин ГЭС куруу
3.Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман Адыр участкасына 2-км ирригация системасын куруу (бетон темир лотокторду жасап орнотуу)
4.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык бак чарбасын түзүү жана бак көчөттөрүн отургузуу
5.Гузар айылына таза суу чыгаруу
6.Кочкор-Ата айылына муниципалдык мончо куруу
7.Кочкор-Ата айылына мечит куруу
8.Кызыл-Сенир айылына мечит медресе куруу
9.Кызыл-Сенир айылынын таза суу менен камсыздоочу суу түтүктөрүн жана скважинаны толук капиталдык реконструкциядан өткөрүү (толук алмаштыруу)
10.Кызыл-Октябрь айылынын таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо
11.Алга айылына таза суу чыгаруу
12.Лесхоз айылынын таза суу суу түтүктөрүн реконструкциялоо
13.Кызыл-Сенир Кочкор-Ата авто жолун ар жылы 1 км-ден асфалть төшөө иштери аткаруу
14.Тогузунчу участкасындагы 1 км ички жолду шагыл төшөө
15.Кызыл-Сенир айылынын борбордук көчөсүнүн четине тротуар куруу
16.Кызыл-Октябрь айылынын борбордук көчөсүнүн четине тротуар куруу
17.Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы саркынды сууларды тазалоо (дренаждарды тазалоо) | 2026-жылга чейин
2026-жылга чейин
2024-жылга чейин
2024-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жылы
2022-жылы
2025-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жыл ичинде
2022-жыл ичинде
2022-жыл ичинде | Айыл калкынын азык түлүк товарларын сактоо жана кайра иштетүүнү колго алуу жана жумушчу оорундарын түзүү
Айыл калкын эл. энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу
Жаман Адыр участкасынан 300 га жер сугат суу менен камсыз болот
Айыл аймактын муниципалык бак чарбасы түзүлүп, калкты арзан мөмө жемиш менен камсыз кылуу
Айыл калкы таза суу менен камсыз болот
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Калктын диний сабаттуулугун жакшыртуу
Калктын диний сабаттуулугун жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана калкынын турак жайларынын коопсуздугун алдын алуу
| Айыл өкмөтү жеке ишкерлер жана айыл калкы | Республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкерлер жана донор уюмдар
|
4 | Башкарууну реформалоо жана аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө “е-Kyzmat” АМСтин “Электрондук штаттык ырааттама” модулунун программалык камсыздоосун киргизүү
2.“Ачык маалыматтар” порталына кошулуу
3.“Түндүк” ЭВӨС аркылуу, G2B-мамлекет жана бизнес, G2С-мамлекет жана жаран, G2G-мамлекет жана мамлекет ортосундагымаалыматтык өз ара аракеттенүүнү кенейтүү
4.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электорндук форматка которуу
5.Айыл өкмөттүк баардык тармагында “Infodocs” электрондук документтерди жүргүзүү системасын киргизүү | 2022-жыл 4-квартал
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Дайыма | Айыл өкмөттүн аппаратынын штаттык ырааттамасы жөнүндө маалыматтар базасы
Маалыматтардын массивин туруктуу жайгаштыруу (жанылоо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууну жөнөкөйлөтүү жана өз ара аракеттенүүдө кагаз жүзүндө документ жүргүзүүнү жоюу
Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүү
Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү | Айыл өкмөтү | Республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы: | Талантбек уулу Руслан |