Загрузка документа…
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
2022-жылдын 14-майы №33
Суугат суу жергиликтүү маанилүү маселе катары кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын суу кодексинин 16.1 беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулунун дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун талкуулап угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагында суугат суу жергиликтүү маанилүү маселе катары кабыл алынсын.
2.Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
3.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулу тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагаcы: | К.Арапова |
Кызыл - Октябрь айылдык кеңешинин
2022-жылдын 14-май № 33 токтомуна
1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
| 1. Кызматтар | |
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) |
| 2. Функциялар | |
2.1. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.3. | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.8. | Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
| 3. Милдеттенмелер | |
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |