Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
2022-жылдын 14-майы №34
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрь №123 Мыйзамынын негизинде түзүлгөн, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитип берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русландын билдиүүсүн угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнө жогорудагы жобого ылайык иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрагаcы: | К.Арапова |
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «14» май 2022-жылдын кезексиз IX- отуруму № 34 токтому менен бекитилген |
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV.Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
IX. Айыл башчысы
X. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
XI. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XII. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
I. Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2. Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3.Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзүлөт.
1.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1.Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүү жана алардын өз иш- милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3. Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк ;
4. Өзүн -өзү камсыз кылуу, өзүн -өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6. Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7. Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8. Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялдуулук, эркин талкуулоо.
1.6 . Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7. Айыл өкмөтүнүн уюштуруу - укуктук формасы- мекеме
1.8. Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде – Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде – Кызыл -Октябрьский айыл окмоту айилного аймака.
1.9.Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Эски-Покровка айылы, К.Сайпидинов көчөсү №42
II.. Айыл өкмөтүнүн структурасы
2.1.Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Министрлер Кабинети бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
2.2. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.
2.3.Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
2.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийишүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
2.5. Өзүнчө жашаган калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2.6. Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
2.7. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.8. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
3.1.Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
3.2.Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат.
3.3. Тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3.4. Жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
3.5. Ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
3.6. Турак-жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
3.7. Муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
3.8. Аймака курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
3.9. Жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3.10.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
4.1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;
24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү.
4.2. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7. Айыл өкмөтүнүн берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын ишке орношуусунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандарды эсепке алып каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жүргүзүү;
6) жарандарга алардын ким экенин, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалдарын ырастоочу документтерди жана мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды алгачкы эсепке алууну жүргүзүү, аларды аскердик эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
8) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) мал чарбачылыгында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык-асыл-тукум иштерин өз учурунда өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун отоо басышына каршы күрөшүү, токойду коргоо тилкелерин жана токой массивдерин коргоо боюнча талаптагыдай чараларды камсыз кылуу;
12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;
13) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аларды табуу;
17) этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
18) пробациянын кезектеги милдеттерин чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларын аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;
19) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктар.
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
5.1.Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
5.2.Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.
5.3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
3) тиешелүү айыл аймагында туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
6.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.
6.3. Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;
11) ишеним жоголгондо;
12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).
6.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
Айыл өкмөтүнүн башчысы:
7.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
7.2. айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
7.3. аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
7.4. айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;
7.5. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;
7.6. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;
7.7. мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
7.8. мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7.9. айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
7.10. айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
7.11. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
VIII . Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.
8.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
8.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
8.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
8.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.
IX. Айыл башчысы
9.1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
9.2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.
9.3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
9.4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
X. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
10.1 Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
10.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жан аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
XI. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
11.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
11.2.Айыл өкмөтү жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
11.3.Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
XII. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
12.1. Айыл өкмөтү жөнүндө Конституцияга, белгиленген тартиптекабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
12.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймака тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
12.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо Министрлер Кабинети айыл өкмөтүнүн укук ченемдик актыларын жокко чыгаруу учүн сот органдарына кайрылат.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы | Талантбек уулу Р |