Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) X сессиясынын
2022-жылдын 22-январы №1
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана кеңири талкуулап чыгып сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Маматовдун 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнө – социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көйгөйлүү болгон маселелерди, жарандардын кайрылууларын, арыздарын өз убагында чечүү, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, элдин жыргалчылыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, дыйкан-фермерлерге насыяларды алуу боюнча усулдук жардам берүү, жаңы ишканаларды ачуу жана жумушчу орундарын түзүү, инвестиция тартуу боюнча өндүрүштүк проекттерди иштеп чыгуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өркүндөтүү, социалдык обьекттердин санын көбөйтүү, калктын аярлуу катмарына материалдык, даректик жардам көрсөтүү жана элдин турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган башка иштерди аткаруу үчүн бардык күч аракеттерди жумшоо жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
Нурдинов З.Г. |