Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) X сессиясынын
2022-жылдын 22-январы №4
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин” колдонууга киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 мыйзамы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы А. Абдуллаевдин Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин” колдонууга киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамы боюнча баяндамасын жана ал жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап чыгып сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин” колдонууга киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 мыйзамы жетекчи- ликке жана колдонууга алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл өкмөтүнө – мыйзам боюнча талаптарды аткаруу жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
Нурдинов З.Г. |