Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) X сессиясынын
2022-жылдын 22-январы №5
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1 тескемеси боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин Кыргыз Республикасынын Минитсрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январын- дагы №1 тескемеси боюнча баяндамасын жана ал жөнүндө эл арасында түшүн- дүрүү иштерин күчөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап чыгып сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-янва- рындагы №1 тескемеси боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Жерлерди бир убакта трансформациялоо жана андан кийин Республикалык комииссиянын кароосуна жиберүү үчүн уруксатсыз жеке турак үйлөр курулган жер участокторунун же максаттуу багыты – айыл чарбалык болгон жер участокторуна укук белгилөөчү документтери, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө жараксыз болгон жер участокторунун тизмесин аныктоо;
- курулган аймактарда үймө-үй кыдыруу жана уруксатсыз курулуштарда иш жүзүндө жашаган жарандарды эсепке алуу боюнча иштерди ыкчам тартипте уюштуруу;
- мындан ары жер участокторун басып алууга жана уруксатсыз курулуштарды курууга жол бербөө үчүн көзөмөлдү камсыз кылуу - айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
Нурдинов З.Г. |