Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XI – сессиясынын
2022-жылдын 26-февралы №1
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жыл ичине түзүлгөн иш планын бекитүү
Айылдык кеңештин жоопту катчысы Маматалиевден айылдык кеңештин 2022-жыл үчүн тузүлгөн иш планы менен тааныштырып аны бекитип берүүнү сунуш- тагандан кийин депутаттар карап чыгып аны аткаруу максатында
Токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын I - II – III -IV кварталдары үчүн тузулгөн иш планы бардык пункттары боюнча бекитилсин.
2. Атайын тузулгөн иш пландын негизинде иш жүргузүү жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г.Ш.Юсупбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |
Кашкар- Кыштак айылдык кенешинин 2022-жылдын 26-февралдагы 11 – сессия сынын № 1 токтому менен бекитилди
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн иш планы
№ | Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселенин аталышы | мөөнөтү | Ким аткарат | Уюштурууга жооптуулар |
1. | Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айынын бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга бюджетин 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун беркитүү. | I-квартал 2022-жыл Январь айы | Айыл өкмөту ФЭБ Бөлүмү | Рахматов Бюджет комиссиясы |
2. | Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата Социалдык-Экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасын бекитүү жөнүндө | I-квартал 2022-жыл Январь айы | Айыл өкмөту ФЭБ Бөлүмү | Рахматов Бюджет комиссиясы |
3. | Айылдык кеңештин 2022-жылдын I-II-III-IV кварталдарына карата түзулгөн иш чара пландарын бекитүү жөнүндө. | I-квартал 2022-жыл Февраль айы | Айылдык кеңеш | Нурдинов З Юсупбекова Г Маматалиев М |
4. | Айылдык кеңештин комиссияларынын I-II-III-IV кварталдарына карата түзүлгөн иш чара пландарын бекитүү жөнүндө. | I-квартал 2022-жыл Февраль айы | Туруктуу комиссия | Комиссиянын төрагасы |
5. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу, калктын мал жандыктарын жакынкы жана алыскы жыйыттарга жөнөтүүнүн алдынан ветеринардык, санитарык профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча ветеринардык адисттердин алып барып жаткан иштери жөнүндө | II-квартал 2022-жыл май айы | Айыл өкмөтү Ветеринарлар | Атайын туруктуу комиссиялар |
6. | Аймакта өнөр жай жана кичи ишканалардын иштеши. Ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы, жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө. | III-квартал Август айы | Айыл өкмөтү | Туруктуу комиссиялар |
7. | Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9-айында аткарылган иштери боюнча маалыматы. | III-квартал 2022-жыл октябрь | Айыл өкмөтү ФЭБ Бөлүмү | Туруктуу комиссия. |
8. | Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын кийинки жылга иш планын бекитүү жөнүндө | IV-квартал 2022-жыл Декабрь айы | Айылдык кеңеш туруктуу комиссия | Айылдык кеңеш төрагасы Айылдык кеңеш төрайымынын башчысы |
9. | Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12-айынын бюджетин аткарылышы 2023-жылга бюджетин. 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө. | IV-квартал 2022-жыл декабрь айы | Айыл өкмөтү Ф.Э.Б. бөлүмү | Атайын туруктуу комиссия |
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: Г.Ш.Юсупбекова
Уюштуруу практикалык иш-чаралар
к/р № | Иш чаралардын аталышы | Мөөнөтү | Ким аткарат | Уюштурууга жооптуулар |
1. | Айылдык кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын окуусун уюштуруу | Жыл ичинде |
| Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары |
2. | Айылдык кеңештин сессияларында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору. | Ар дайым |
| Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары. |
3. | Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу | Жыл ичинде |
| Айылдык кеңешинтин депуттары |
4. | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү | Ай сайын |
| Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5. | Айыл аймагынын тургундарын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларынын аткарылышын көзөмөлдөө | Ар дайым |
| Айылдык кеңештин төрагасы |
6. | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кенешинин жаңы Өкмөтүнүн мыйзамдарынын турмушка ашыруу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү. | Ар дайым |
| Туруктуу комиссия |
7. | Социалдык багытты дайалуу күндөрдү жана кесиптик майрамдурды уюштуруу жана өткөрүүнү көзөмөлдөө | Ар дайым |
| Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары |
8. | Калк арасында диний экстремизм жана терорризмге жол бербөө максатында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Ар дайым |
| Туруктуу комиссия |
9 | Санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөө | Ар дайым |
| Туруктуу комиссия |
10. | Айыл өкмөтүндө тышкы жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү жана эл аралык уюмдар, компаниялар жана жергиликтүү банктар, кредиттик союздар менен иш алып барууну көзөмөлдөө | Ар дайым |
| Туруктуу комиссия |
Кашкар -Кыштак айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басары: Г.Ш.Юсупбекова