Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XI–сессиясынын
2022-жылдын 26-февралы №4
Айыл аймагындагы Мөнөк айылынын маданият үйүнө “Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти” маркум Арыкбаев Аскарали Нуралиевичтин ысымын ыйгарууну сунуштоо жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын жашоочусу Адиева Чолпонай Абдираимовна нын Мөнөк айылында туулуп өскөн, “Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти”, искусствонун ишмери, маркум Арыкбаев Аскаралы Нуралиевичтин өмүр баяны менен тааныштырып, анын ысымын Мөнөк айылдык маданият үйүнө ыйгаруусу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылында жайгашкан маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти маркум Арыкбаев Аскаралы Нуралиевичтин ысымы ыйгарылсын.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин соци алдык, маданий, маалымдуулук жана жаштар, аялдар саясаты жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |