Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели №1
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-52/33 буйругун, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартын- дагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралын дагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү” № 92 буйругун аткарууга алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени кеңири талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгын аткаруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу керектигин, себеби бул адаттар кыргыз элинин калын катмарына катуу сиңип кеткендигин, ошондуктан бул жарлыкты аткарууда көп тоскоолдуктар жараларын, бул ишке диний уюмдардын, айыл өкмөтүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана айылдык кенештин депутаттарын тартып, жапа тырмак киришкенде гана жыйынтык болорун белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-52/33 буйругун, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралын дагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү” № 92 буйругун, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-52/33 буйругун №1-тиркемесиндеги райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону жетекчиликке алып, аны аткаруу максатында айылдык кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-52/33, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү” № 92 буйруктары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-52/33 буйругун №1-тиркемеснидеги райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби боюнча 3-бөлүктүн:
3.3.-бөлүкчөсүндө: – ”/йлөнүү той ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. /йлөнүү тоюнда ири бодо мал, же жылкы союуга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат.” - бул талап аткарылбаган учурда 200 000 (Эки жүз миң) сом айып пул салынат.
Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.” – бул талап аткарылбаган учурда 10 000 (Он миң) сом айып пул салынат.
3.4.-бөлүкчөсүндө: “Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. – бул талап аткарылбаган учурда – 30 000 (Отуз миң) сом айып пул салынат.
Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.”
3.5.-бөлүкчөсүндө: - “Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркөлөтүү, ж.б.у.с. кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12-ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.” – бул талап аткарылбаган учурда 30 000 (Отуз миң) сом айып пул салынат.
3.6.-бөлүкчөсүндө: - “Кыз узатууда 10-15-тен ашык түрдүү кийим-кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын куйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.” - бул талап аткарылбаган учурда – 50 000 (Элүү миң) сом айып пул салынат.
3.7.-бөлүкчөсүндө – “Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10-дон ашпоосу керек.” - бул талап аткарылбаган учурда – 50 000 (Элүү миң) сом айып пул салынат.
3.8.-бөлүкчөсүндө – “Жарандык актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3-төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат” - бул талап аткарылбаган учурда - 50 000 (Элүү миң) сом айып пул салынат.
3.9.-бөлүкчөсүндө: - “Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.” - бул талап аткарылбаган учурда – 20 000 (Жыйырма миң) сом айып пул салынат.
4-бөлүктүн 4.1.-бөлүкчөсүндө: - “Маркумду эскерүү ырым-жырымдары райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.”
4.2.-бөлүкчөсүндө: - “Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайылбайт, тамак-аш берилбейт.” - бул талап аткарылбаган учурда – 200 000 (Эки жүз миң)сом айып пул салынат.
4.3. “Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат” - бул талап аткарылбаган учурда – 300 000 (/ч жүз миң) сом айып пул салынат.
4.4.“Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого тыюу салынат.” - бул талап аткарылбаган учурда – 100 000 (Жүз миң) сом айып пул салынат.
4.5.“Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с.) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, “жыртыш” таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чай, ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат - бул талап аткарылбаган учурда – 10 000 сом айып пул салынат.
Кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссияны макулдугу менен чектелет.” -
4.6.-бөлүкчөсүндө: - “Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат” - бул талап аткарылбаган учурда – 100 000 (Жүз миң) сом айып пул салынат.
4.7.-бөлүкчөсүндө: - “Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.”
3. Ушул токтомду аткаруу жана иш жүзүнө ашыруу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12-мартындагы № 60 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кеңештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссияга милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |